Редакцияот 09.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги отуз бешинчи-сессиясынын(VI шайланган)

 

2020-жылдын 9-декабры № 35/3

Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы “Буйга” балчылык коммерциялык эмес кооперативинин жыйналышынын 04.09.2020-жылдагы “Буйга балчылык коммерциялык эмес кооперативин буферный зонага өткөрүү, сырттан Буйга айылына бал уюгун алып кирбөө” боюнча чечимин бекитүү жөнүндө

Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы “Буйга” балчылык коммерциялык эмес кооперативинин жыйналышынын 04.09.2020-жылдагы “Буйга балчылык коммерциялык эмес кооперативин буферный зонага өткөрүү, сырттан Буйга айылына бал уюгун алып кирбөө” боюнча чечимин угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы “Буйга” балчылык коммерциялык эмес кооперативинин жыйналышынын 04.09.2020-жылдагы “Буйга балчылык коммерциялык эмес кооперативин буферный зонага өткөрүү, сырттан Буйга айылына бал уюгун алып кирбөө” боюнча чечими колдоого алынуу менен бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кенешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Кадыркулов