Редакцияот 12.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 23-сессиясы

 

2020-жылдын 12-майы № 11

Участкалык милиция кызматкерлерине кызматтык турак жай куруу үчүн  жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25- 32-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Түз-Бел айылына участкалык милиция кызматкерлерине кызматтык турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын участкалык милиция кызматкерлерине кызматтык турак жай куруу үчүн Түз-Бел айылынан жер тилкеси бөлүнүп берилсин. 

2. Турак жай куруу үчүн жер аянтын тактап бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Арынов