Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезектеги 25-сессиясы

 

2020-жылдын 28-декабры № 24

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджеттине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-бала бакчанын (атайын каражат) 2218-беренесинен -180,0 сом;

-турак-жай, коммуналдык чарба тармагынын 3111-беренесине +140,0 сом;

3. Киреше бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү, беренелерге жылдыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Арынов