Редакцияот 08.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын кезексиз 31 отуруму

 

2020-жылдын 8-декабры № 31/2

Коңур- Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесине, балдар ойноочу аянтчасын куруу боюнча долбоордогу өздүк салымы жөнүндө

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык,Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесинине балдар ойноочу аянтчасын куруу боюнча долбоордуу карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21- апрелиндеги №230 токтомунуна  негизинде Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коңур –Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №18 мектепке чейинки билим берүү мекемесине балдар ойноочу аянтчасын куруу боюнча долбоорду карап чыгып үлүштүк ( дем берүучү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 1025072 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 7% дык 71755 сомдук өздүк салымды Коңур- Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин .

2. Каралган акча каражатын мыйзамдуу , максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А.Азимжановго жана ФЭБ башчысы Ж. Исаковага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Кайназаровга милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Жээналиев