Редакцияот 03.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 30 –сессиясы

 

2020-жылдын 3-февралы № 1

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19- 22 беренелерине ылайык, Нарын районунун Казан-Куйган айыл аймагындагы №4053 Казан-Куйган  участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Нарын районунун Казан-Куйган айылдык кеӊешинин депутаттарынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын районунун Казан-Куйган айыл аймагындагы №4053 Казан-Куйган участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин жаӊыртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келиптүшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар №4053 Казан-Куйган участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын. (курамы тиркелет)

2. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

Төрага

М. Шалтаев