Редакцияот 02.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 2-декабры № 55

 Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Ак-Өлөң айылындагы  кожолуктарга суу эсептегичтерди орнотуу жөнүндө

Ак-Өлөң айылындагы « Саламат-Булак Таза Суу» ИСКАКБ нын жетекчиси Ж.Баратбаеванын маалыматын жана Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Саламат-Булак Таза Суу” ИСКАКБнын бардык чыгымдарын жабууну камсыздоо жана өнүгүү үчүн киреше алып, ичүүчү таза сууну коромжусуз-сарамжалдуу пайдалануу максатында инновациялык технологияларга кирген суу эсептегичтер орнотулсун.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы М.А.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Джодаев А.Б.