Редакцияот 17.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 17-ноябры № 44

Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин 2020-жылдын №37 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин 02.03.2020-жылдын №37 токтомунун 1-пунктунда Ак-Өлөң айылына жаңы курула турган бала бакчага бөлүнгөн 8,0 млн сом акча каражатына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1. Сот департементине Ч.Исаеванын аткаруу барагы боюнча- 87300сом;

2. Калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн трансформация боло турган жерлерге топографиялык сьемка үчүн -1 230000сом;

3. ДЭУ участкасына трансформатор коюу үчүн-250000сом;

4. ДЭУ участкасына интернет коюу үчүн-263000сом

5. АБЗнын участкасынын трансформаторуна-415000сом;

6. Көчө жарыктандыруусуна-300000сом;

7. COVID-19 боюнча алдын-алуу профилактикалык иштерге-250000сом;

8. КР жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбооруна өздүк салым үчүн-340000сом;

9. Көк-Мойнок-1 айылынын ичүүчү таза суусунун ремонтуна кошумча иштерине-96000сом;

Бардыгы: 3231300сом .

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы М.А.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Джодаев А.Б.