Редакцияот 14.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы

 

2019-жылдын 14-августу № 22

2019-жылы кабыл алынган бюджетинде МЧСке каралган акча каражатынан электр энергиянын карызын жабууга жылдыруу жөнүндө

2019-жылдын кабыл алынган бюджетинде электр энергияга акча каражаты аз каралып калгандыктан Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көл-Төр айыл аймагынын МЧСке каралган акча каражатынын

- 22154900 беренесинин аппарат бөлүмүнөн 30 000сомду

- 22311200 беренесинен мектеп бөлүмүнө 30 000 сомду

Бардыгы: 30 000сом акча каражаты мектептердин электр энергиясына каралып берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.З.Түлөбаевага милдеттендирилсин.

.3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Алымбаев