Редакцияот 14.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы

 

2019-жылдын 14-августу № 20

Айыл аймагынын 2019-жылга каралган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинде муниципалдык имараттарды каттоодон өткөрүүгө каралган 100 000 сом акча каражатынан 30 000 сом электр энергиянын төлөмдөрүнө жумшалсын.

2. 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинде муниципалдык имараттарды каттоодон өткөрүүгө каралган 100 000 сом акча каражатынан 20 000 сом кызматтык автоунаанын күйүүчү майына жумшалсын.

3. Токтомдун аткарылышы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовко, көзөмөлү  бюджет комитетине жүктөлсүн.

4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.

 

Төрага

А. Алымбаев