Редакцияот 03.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеӊешинин 17-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы

 

2020-жылдын 3-марты № 2/1

Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы жөнүндө 

 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын калкынын саны 2019-жылдын 1-январына карата 6 617 болгондугуна байланыштуу Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчы кызмат орду бекитилсин.

2. Бул токтомду аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Барыктабасовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Иманкулов