Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI -чакырылышынын XXXXVII-сессиясы

 

2020-жылдын 28-январы № 47/1

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетин аткарылышы, 2020-жылга жергиликтүү бюджетин киреше-чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;

2. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.

КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:

1) Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 6 142.7 сом;

2) Теңдештирилген грант – 9 089.8 сом.

Баардыгы: 15 232,5 (он беш миллион эки жүз отуз эки миң беш жүз) сом

 ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:

1.    Башкаруу аппаратына – 11 311.7 сом; Р-701 11

2.    Китепкана 220,4 сом; Р-708 21

3.    Маданият тармагына –  1 079,2 сом; Р-708 23

4.    Бала бакчага –  617,0 сом; Р-709 11

5.    Атайын каражат- 240,4 сом; Р- 709 11

6.    Мектеп -  1 369,5 сом; Р-709 21

7.    Экономикалык маселелер (жайыт комитети)- 394,3 сом; Р- 704

 Баардыгы: 15 232,5 (он беш миллион эки жүз отуз эки миң беш жүз) сом

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоордун киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:

1) 2021-жылга

 -Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 7 425,7 сом;

 -Теңдештирилген грант- 8 849,8 сом.

2) 2022-жылга

 -Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 8 013,7сом;

 -Теңдештирилген грант- 8 826,6 сом.

4. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмдө акча каражаты түшүп, тиешелүү статияларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 10.01.2007-жылдагы № 09-229 буйругунун негизинде берилсин;

5. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде, чыгашаларды атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: Т. Жумакадыровго тапшырылсын;

6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

 

Төрага

У. Мокешов