Редакцияот 13.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIX -чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы

 

2020-жылдын 13-февралы № 2

 Айылды инвестициялоо 3-долбоорунун алкагындагы конкурска катышуу үчүн Чаек айыл аймагынан ири долбоорго “Бештерек айылына ФАПтын имаратын куруу” жана чакан долбоорго “ Ак-Татыр айылындагы жаны конушту электрлештирүү” долбоорлорун тиешелүү бюджеттери менен бекитүү жөнүндө

 Айылды инвестициялоо 3-долбоорунун алкагындагы конкурска катышуу үчүн Чаек айыл аймагынан ири долбоорго “Бештерек айылына ФАПтын имаратын куруу” жана чакан долбоорго “ Ак-Татыр айылындагы жаны конушту электрлештирүү” долбоорлорун тиешелүү бюджеттери менен бекитүү боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1. Ири долбоордук сунуш тиешелүү бюджети менен төмөндөгүдөй бекитилсин.

 

№

Ири долбоордун аталышы

Гранттын суммасы

А+ өздүк салымынын

 суммасы (гранттын

 суммасынан 3,75%

 кем эмес)

Башка булактар

Долбоордун жалпы суммасы

1

Бештерек айылына ФАПтын имаратын куруу

2800,0

400,0

 

3200,0

2. Чакан долбоордук сунуш тиешелүү бюджети менен төмөндөгүдөй бекитилсин

№

Чакан долбоордун аталышы

Гранттын суммасы

А+ өздүк салымынын суммасы (гранттын суммасынан 3,75% кем эмес)

Башка булактар

Долбоордун жалпы суммасы

1

 Актатыр айылындагы жаны конушту электрлештирүү

1347,5

52500

 

1400,0

3. Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Алымкуловго тапшырылсын.

4. Ушул токтом Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага

З. Ү. Бозбалаев