Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XXXXIX-сессиясы

2020-жылдын 22-февралы № 3

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2019-жылдан калган калдык акча каражатынын бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдан калган калдык акча каражатынын киреше - чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:

КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:

1) Жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдан калган: негизги счеттон 6 321,4 сом;

Атайын каражат 202,1 сом;

Баары: 6 523,5 сом

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:

1. Айылдык Кеңештин төрагасына айлык акыга:

2020-жыл үчүн: 930 сомдон 10 кезектүү сессияга 9,3 сом;

2. Аксакалдар сотунун айлык акысына: 1 500 сомдон 12 айга 18,0 сом;

3. Ветеринардык врач, оператор адис айлык акысы: 11 625 сомдон 12 айга 139,5 сом, аппараттагы техникалык кызматкердин айлык акысынын деңгээлинде.

4. Соц.фондук чегерүүлөргө: 17,25% 25,6 сом;

5. Бала бакчанын род взнос 115,8 сом;

6. Шв.гр.б.б, мектеп: 0,2 сом

7. ПРООН: 6,3 сом;

8. Депозит: 3,6 сом;

9. Бала бакчага уй сатып алууга: 76,3 сом;

10. Жайыт акы (налог) 65,7 сом;

11. МЧС (КВ-19 алдын алууга) 413,2 сом;

12. Калкка социалдык жардам (КВ-19 алдын алууга) 100,0 сом;

13. Таза суунун ремонтуна 5 000,0 сом;

14. Транспорттук чыгым 50,0 сом;

15. Муниципалдык ишканага 500,0 сом;

Жалпы: 6 523,5 сом.

16. Бөлүнгөн акча каражатын атайын тузүлгөн смета расходко ылайык жургүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын;

17. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

18. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

 

Төрага

У. Мокешов