Редакцияот 15.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXVI сессиясы

 

2020-жылдын 15-октябры № 36/2

Айыл аймагындагы мектеп, клуб, бала бакча, китепканалардын кышка даярдыгы жөнүндө

Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы-эсепчи А. Усубалиевдин билдүүрүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагынын мекеме ишканаларынын кышка карата даярдыктарын көрүү жана камсыз кылуу үчүн мыйзам чегинде “Ак-Жол” жоопкерчилиги чектелген коому менен түз келишимдин негизинде көмүр отуну 2020-жылдын октябрь-ноябрь айында толук тартылып бүткөрүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Токтомушов