Редакцияот 15.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXVI сессиясы

 

2020-жылдын 15-октябры № 36/3

“Жашыл долбоор” долбооруна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

“Жашыл долбоор” долбооруна долбоор сунуштоого жер аянтын бөлүп берүүнү сураган № 4154 Эпкин шайлоо округунан депутат Жеңишбеков Чолпонбектин билдүүрүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги тарабынан сунушталып жаткан “Жашыл долбоор” долбооруна Эпкин айылынын күн батыш тарабындагы саз болуп бара жаткан жер аянтынан 1 га жер аянт бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.

2. “Жашыл долбоор” долбооруна долбоор жазып кайрылуу жагы жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Токтомушов