Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы

 

2021-жылдын 22-январы № 38/6

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө

Жайыт пайдалануучуларбирикмесинин башкы-эсепчиси А. Капасовдун 2021-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата бюджетинин көлөмү 1 022 800- 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Чолпон айыл өкмөтүндөгү ар бир мал үчүн; уй, жылкы 75-00 сом, топоздор үчүн 150-00 сом, торпокторго 53-00 сом, кой, эчкиге 15-00 сом өлчөмүндө жайыт салыгы бекитилсин.

 

Төрага

Т. Токтомушов