Редакцияот 19.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

19-сессия

 

2020-жылдын 19-июну №134/XIX-27

«Тюльпан» балдардын саламаттыгын жакшыртуу лагерин Кант шаарынын мэриясынын балансынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүү жөнүндө

 

Кант шаардык кеңешинин 11.06.2020-жылдагы бирдиктүү отурумунун чечимин жана ошондой эле Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Курмановдун 15.05.2020-ж. №947/01-48 Б.К. – Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 3,8 га “Тюльпан” балдардын саламаттыгын жакшыртуу лагерин келечекте адистештирилген социалдык борбор ачуу үчүн Кант шаардык мэриясынын балансынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүү жөнүндөгү катын карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кант шаарынын мэриясына:

- Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 3,8 га “Тюльпан” балдардын саламаттыгын жакшыртуу лагери келечекте адистештирилген социалдык борбор ачуу үчүн Кант шаардык мэриясынын балансынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүлүп берилсин;

- жогоруда белгиленген объект Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык мэриясынын объекттер жана менчиктер реестринен чыгарылсын.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл туруктуу комиссиясына (Р.Абинов) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Шайлдабеков