Редакцияот 19.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

19-сессия

 

2020-жылдын 19-июну №139/XIX-27

Кант шаардык башкармалыгынын 30.09.2011-ж. №196/XXIII-25  “Кант шаардык башкармалыгынын муниципалдык объектиси “Затейник” балдар борборун мамлекеттик менчикке берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомун  жокко чыгаруу жөнүндө

 

            Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу  комиссиясынын чечимин жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Курмановдун 15.06.2020-ж. №1184/01-48 Б.К. Кант шаарынын 2-кичи районунда жайгашкан “Затейник” балдар борборунун мурунку имаратын Кант шаардык мэриясынын балансына которуу маселеси боюнча катын карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кант шаардык башкармалыгынын 30.09.2011-ж. №196/XXIII-25  “Кант шаардык башкармалыгынын муниципалдык объектиси “Затейник” балдар борборун мамлекеттик менчикке берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому  жокко чыгарылсын.
  2. Кант шаардык мэриясы жогоруда белгиленген объекттин укуктук документтерин ылайыктасын.
  3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл туруктуу комиссиясына (Р.Абинов) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Шайлдабеков