Редакцияот 19.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

19-сессия

 

2020-жылдын 19-июну №140/XIX-27

Кант шаарынын Гагарин көч. №1 дарегинде жайгашкан имаратты Кант шаардык мэриясынын балансына алуу жөнүндө

 

Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу  комиссиясынын чечимин жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Курмановдун 15.06.2020-ж. №1184/01-48 Б.К. Кант шаарынын Гагарин көч. №1 дарегинде жайгашкан имаратка караштуу маселени чечүү боюнча өтүнүч катын карап чыгып 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кант шаарынын мэриясы:

-  Кант шаарындагы Гагарин көч. №1 дарегинде жайгашкан имарат Чүй облусу боюнча ӨКМ башкармалыгынын балансынан Кант шаардык мэриясынын балансына алынсын;

- жогоруда белгиленген объектти муниципалдык менчикке алууга үчүн ылайыктуу документтер даярдалсын; 

- объект Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык мэриясынын объекттер жана менчиктер реестрине киргизилсин.

2.    Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл туруктуу  комиссиясына (Р.Абинов) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Шайлдабеков