Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-декабры ПЖ № 556 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2008-жылы пенсиялардын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жана "Мамлекеттик пенсиялык соци-алдык камсыздандыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын22-статьясынын ченемдерин аткаруу максатында токтом кылам: 1. 2008-жылдын 1-январынан тартып "Мамлекеттик пенсиялык социалдыккамсыздандыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык да-йындалган пенсиялардын базалык бөлүгү 450 сом өлчөмүндө белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 5-майындагы№ 105 "Электр энергиясына тарифтердин жогорулатылгандыгына байланыштуупенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндөгү" жана 2006-жылдын28-апрелиндеги № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти кир-гизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоонун кошум-ча чаралары жөнүндө" Жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялыктөлөмдөрдүн өлчөмү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмүнкайра эсептеп чыгууга байланыштуу өзгөртүлбөйт. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев