Редакцияот 13/05/2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясынын (6-чакырылыш) жыйналышынын

 

2020-жылдын 13 - майындагы № 24/2

Алайку айыл Өкмөтүндө Көк-Арт айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулушун куруу компаниялары тарабынан аткарган иштин сапатына кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө

Алайку айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алайку айыл Өкмөтүндө Көк-Арт айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулушун куруу компаниялары тарабынан аткарган иштин сапатын кароо боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.

-Түзүлгөн комиссиянын курамына бала – бакчанын курулушу боюнча иштин жүрүшүндө өзүбүздүн деңгээлде сапатына көзөмөл жүргүзүү жагы тапшырылсын. Комиссиянын курамы:

1. Касымакунов Ж. – комиссиянын төрагасы. Айыл өкмөтүнүн катчысы.

2. Айтмерек уулу Алымкул – комиссиянын катчысы,айылдык кеңешинин депутаты.

мучөлөрү :

3. Калдыбаев Камчы – жалпы элдик жамаатынан.

4. Иса уулу Нурдин –айыл башчы

5. Кулуев Эрлан – айыл башчы.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кенештин төрагасы өзүмө калтырам.

 

Алайку айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Салибаев