Редакцияот 02.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42 сессиясы

 

2020-жылдын 2-декабры № 42-8

Көк-Жар айыл өкмөтүнун башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 30-ноябрындагы №1214 сандуу сураныч каты жөнүндө

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын 30-ноябрындагы №1214 сандуу сураныч катына негиз, Көк-Жар айылынын борборунда жайгашкан эски клубдун бузулгандыгына байланыштуу максаттык багытын, базар катары пайдаланууга өзгөртүү максатында , "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетинин чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевдин 2020-жылдын  30-ноябрындагы №1214 сандуу сураныч катына негиз, Көк-Жар айылынын борборунда жайгашкан эски клубдун бузулгандыгына байланыштуу максаттык багытын, базар катары пайдаланууга өзгөртүү үчүн макулдук берилсин.

2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жер адиси М. Калматовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы , айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевге тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык төрагасы

О.Исаков