Редакцияот 13.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ЖЕТИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН

 

2021-жылдын 13-январы № 13/7

Аялдарга, балдарга жана эркектерге карата зомбулукту,

анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча

түзүлгөн комитеттеринин иш планы жөнүндө

 

Аялдарга, балдарга жана эркектерге карата зомбулукту, анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн комитеттеринин иш-планын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аялдарга, балдарга жана эркектерге карата зомбулукту, анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн комитеттеринин 2021-жылга иш-планы бекитилсин.

2. Иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралар мөөнөтүндө, кынтыксыз аткарууга алынсын.

3. Токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Р.Х.Хатамов

 

Кара-Cуу шаардык кеңешинин

2021-жылдын 13-январындагы

ХIII сессиясынын №13/7

токтому менен бекитилди

 

Аялдарга, балдарга жана эркектерге карата зомбулукту, анын ичинен үй-бүлөлүк

зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн комитеттеринин иш-чаралаынын планы

 

№

Иш-чаралар

Максат

Мөөнөтү

Жооптуулар

 

Комитеттин ишмердиги жөнүндө маалыматтарды кварталдык комитеттеринин төрагаларынын арасында таратуу

Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелешүүнү жоюуга багытталган, КР ӨЭА жөнүндө маалымдоо

2021-жылдын июль-август айлары

Комитеттин төрагасы

 

Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылууларды эсепке алуу

Кайрылуучулардын маалыматтарын чогултуу

Кайрылган сайын

Комитеттин мүчөлөрү

 

Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук болгондугу жөнүндө кайрылгандарга жардам көрсөтүү үчүн маалыматты берүү

Кайрылгандарга алардын укуктары жөнүндө маалымат берүү

Кайрылган сайын

Комитеттин мүчөлөрү

 

Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы боюнча каттоого алынган адамдар менен, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчүнүн катышуусунда алдын ала иштерди уюштуруу жана өткөрүү, маалыматтарды берүү

КРнын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамы, анын ичинде Оңдоп-түзөө программасы жана коргоо ордери бөлүгү боюнча маалыматтарды берүү

2021-жылдын июль-август айлары

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү

 

 

Аялдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун төрагаларын катышуусунда кайын энелер менен маалыматтык жолугушууну уюштуруу жана өткөрүү

Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо

Август -сентябрь айлары

Аялдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун мүчөсу,

 Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү

 

Жаштардын же кыздардын катышуусу менен «Футбол - үй-бүлөлүк зомбулукка каршы» футбол жарышын уюштуруу жана өткөрүү

Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо

2021-жылдын сентябрь-октябрь айлары

Жаштар комитетинин мүчөсү,

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү

 

Орто мектептердин окуучуларынын катышуусунда ата-энелердин чогулуштарын жана класстык сааттарды уюштуруу жана өткөрүү

 Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо

2021-жылдын сентябрь-ноябрь айлары

Социалдык педагог,

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү

 

«Кыздардын укугун коргойбуз» эл аралык күнүн уюштуруу жана өткөрүү:

«Кыздардын кыялдары» сүрөт конкурсу

«Кыздарга эмне керек?» дилбаяндар конкурсу

Кыздардын репродуктивдик денсоолугу боюнча маалыматтык лекция

 Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо

2021-жылдын 11-октябры

Социалдык педагог,

Аялдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун мүчөсу,

Үй-бүлөлүк дарыгер же фельдшер,

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү

 

«Зомбулукка каршы 16 күн» кампаниясынын алкагында «Зомбулуксуз бактылуу үй-бүлө» спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү

 Үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын ӨЭА жөнүндө маалымдоо

2021-жылдын 25-ноябрь-10-декабрь айлары

Комитеттин мүчөлөрү,

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү

 

Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин катышуусу менен Комитеттин мүчөлөрүнүн жумушчу отурумдарын өткөрүү

Иш-чараларды өткөрүүнүн натыйжаларын талкуулоо жана жасалып жаткан зомбулуктарды каттоо

Кварталына 1 жолу:

2021-жылдын 20-сентябрында жана 20-декабрында

Комитеттин төрагасы

 

 

Башкы адис                                                                                                                                                                                                                                                                                                      Р.Джумашева