Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезектеги ХХХI отурумунун

2020-жылдын 28-декабры № 31/9

Ленин айылдык Кеңешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Ленин айылдык Кеңешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү боюнча Ленин айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары С.Мамыровдун 2020-жылддын 28-декабрындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ленин айылдык Кеңешинин 2021-жылга иш-планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2.Ленин айылдык Кеңешинин 2021-жыл үчүн түзүлгөн иш-планынын

аткарылышын өзүмдүн көзөмөлүмдө калтырамын.

 

Ленин айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

Б.Айдаралиев

 

 

Ленин айылдык Кенешинин 2020-жылдын 28 -декабрдагы №31/9 токтому менен бекитилген

Ленин айылдык Кенешинин 2021-жыл үчүн түзүлгөн

ИШ-ПЛАНЫ

№

Аткарыла турган иш-пландардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким даярдайт

Ким отчет берет

1

2019-2020-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы. Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2021-жылга бекитүү жана 2022-2023-жылга болжолдуу пландарын бекитүү.

I-кв

Бюджет боюнча туруктуу комиссия

Айыл өкмөт башчы

2

Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы

2020-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө

I-кв

Бюджет боюнча туруктуу комиссия

Айыл өкмөт башчы.

3

Ленин айылдык Кенешинин 2021-жылга карата иш планын бекитүү.

I-кв

Бюджет боюнча туруктуу комиссия

С.Мамыров

4

Ар түрдүү маселелер

I-кв

Жооптуу катчы

5

Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду ,Мурдаш,Күн-Элек ,Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө.

II-кв

Айыл чарба жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссия.

Жайыт комитети,айыл башчылар

6

Жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө.

II-кв

Айыл чарба жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча комиссия

Айыл өкмөт башчысы,айыл башчылар

7

Ар түрдүү маселелер

II-кв

Жооптуу катчы

8

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы жөнүндө.

III-кв

Социалдык.жаштар саясаты,маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия

ФАП жеткчилери,ҮДТ башчысы.

9

Ар түрдүү маселелер

III-кв

Жооптуу катчы

10

Маданият кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

IV-кв

Социалдык.жаштар саясаты,маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия

Маданият кызматкерлери

11

Ар түрдүү маселелер

IV-кв

Жооптуу катчы

 

Ленин айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы:                                                                                                                                                                                             З.Дубанаева