Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз ХI сессиясы

 

2021-жылдын 24-февралы № 2

"Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдарында "Келечек үчүн билим"долбоорунун негизинде 3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачуу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 03-1 4068 маалымат катынын негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Отуз-Адыр айылындагы бош турган эски мечиттин бөлмөлөрү эки тайпага ылайыкташтырылып 3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачуу үчүн берилсин. 

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (Т.Туйбаев) милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Адашовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Калматов