Редакцияот 27.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 46 сессиясы

 

2020-жылдын 27-июлу № 46/2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 токтому менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берген Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы жугуштуу оорулар үчүн салынган имарат учурдагы Ысманов атындагы орто мектебин короновирус оорусу күндөн күнгө жайылып жаткандыктан кайрадан жугуштуу оорулар үчүн ооруканага өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында короновирус оорусунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы жугуштуу оорулар үчүн салынган имарат учурдагы Ысманов атындагы орто мектебин короновирус оорусу күндөн күнгө жайылып жаткандыктан кайрадан жугуштуу оорулар үчүн Алай аймактык ооруканага өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы А.Ысманов атындагы орто мектеби менен А.Мадалиев атындагы негизги мектебин бириктирип орто мектеп ачуу, Ысманов атындагы орто мектебинин мугалимдерин жана окуучуларын жайгаштыруу жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин мыйзамдуулук жана этика комиссиясына жүктөлсүн.

 

Гүлчө айыл округун

айылдык кеңешинин төрагасы

 

Жээнбеков Д