Редакцияот 09.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын  49-отуруму 

 

2020-жылдын 9-ноябры № 49/1

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы  № 7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын алмаштыруу жана от казан куруу боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы № 7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын алмаштыруу жана от казан куруу боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип  Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы  №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын алмаштыруу жана от казан куруу  үчүн жалпы 3 178 236 (үч миллион бир жүз жетимиш сегиз мин эки жүз отуз алты) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы сом  акча каражаты талап кылынат 20% 635 647 (алты жүз отуз беш мин алты жүз кырк жети) сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.

 

Гүлчө айыл округун

айылдык кеңешинин төрагасы

 

Жээнбеков Д