Редакцияот 04.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын  кезексиз 50-заседаниесинин

 

2020-жылдын 4-декабры № 50/1

Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн  2020-жылдын 03-декабрындагы чыгыш №248 каты менен жамааттык чогулушунда каралган бөлүмдүн алдындагы жер участогундагы 1999-жылы отургузулган диаметри 30 см болгон ийри өсүп мекеменин имаратына кооптуу болуп калган 13 (он үч) даана теректи кыйдыруу жөнүндө

Гүлчө  айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 50-отуруму  Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Мусаевдин билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн  2020-жылдын 03-декабрындагы жамааттык чогулушунда каралган  бөлүмдүн алдындагы жер участогундагы 1999-жылы отургузулган диаметри 30 см болгон ийри өсүп мекеменин имаратына  кооптуу болуп калган 13 (он үч) даана терек  кыйдырылсын.
  2. Кыйылган теректердин ордуна ийне жалбырактуу карагай көчөттөрүн эгип калыбына келтирүү райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Мусаевге тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гүлчө айыл округун

айылдык кеңешинин төрагасы

 

Жээнбеков Д