Редакцияот 15.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 51-отуруму

 

2020-жылдын 15-декабры № 51/1

“Гүлчө айыл аймагынын Таш-Короо айылына бала бакча ачуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын билим берүү дана илим министрлигинин “3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3-сааттык) ачуу” , “Келечек үчүн билим берүү “ долбоорунун негизинде жана Таш-Короо айылынын жашоочуларынын 2020-жылдын 16-декабрындагы жазган кайрылуулары менен таанышып жана талкуулап. Гұлчө айылдык кеңешинин VI-чакырылыштагы кезексиз 51-отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Гұлчө айыл өкмөтұнө караштуу Таш-Короо айылынын №12 И.Адишев,атындагы  орто мектебинин бир имараты бош болуп пайдаланылбай тургандыктан мектептин бир имаратын “3-5 жаш курактагы балдарга  (3-сааттык) бала бакча ачууга” эки тайпага ылайыкташтырылып бөлмө ажыратылып берилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Кадыровага милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айылдык Кеңештин төрөгасы Д.Жээнбековко жүктөлсүн.

 

Гүлчө айыл округун

айылдык кеңешинин төрагасы

 

Жээнбеков Д