ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун
2020-жылдын 29-декабры № 28/2
Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылдын 2-жарым жылынын планына тактоо киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы № 12 жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 4-декабрындагы №6 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2020-жылга бюджетинин 2-жарым жылынын кирешелер планынан 1-тиркемеге ылайык 14888,4 миң сом: анын ичинен бюджеттик каражаттардан 11823,5 миң сом, атайын каражаттардан 3064,9 миң сом кыскартууга макулдук берилсин.
- Өзгөн шаарынын бюджетинин 2020-жылдын 2-жарым жылынын чыгашалар планынан 14888,4 миң сом: анын ичинен бюджеттик каражаттардан 627,8 миң сомду балдар бакчасына каралган тамак-аштан, 11195,7 миң сомду титулдук тизмедеги иштерге каралган каражаттардын эсебинен 2-тиркемеге ылайык жана атайын каражаттардан 3064,9 миң сом: анын ичинен 2818,8 миң сомду билим берүү бөлүмүнүн, 246,1 миң сомду Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын чыгашалар планынан кыскартууга макулдук берилсин.
- 2020-жылдын титулдук тизмесинин VIII пунктунун 1-бөлүмүндөгү “Мектептерге ыссык тамакка шарт түзүүгө” каралган 3,0 млн сом акча каражатынын ичинен 450,0 миң сом акча каражатын кыскартып, Ч.Айтматов атындагы орто мектебине ажаткана куруу иштерин улантуу үчүн иштетүүгө макулдук берилсин.
- 2020-жылдын титулдук тизмесиндеги Ленин көчөсүндөгү тротуарды оңдоого каралган 1500,0 миң сом каражаттын эсебинен 1211,5 миң сомду кыскартып, 3-тиркемеге ылайык кошумча аткарылуучу иштерге каржылоого макулдук берилсин.
- Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана кирешелер планын Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен тактоо, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов
|
Өзгөн шаардык кеңешинин
2020-жылдын 29-декабрындагы
кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2
токтомунун 1-тиркемеси
Өзгөн шаардык бюджетинин 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата кыскартылган кирешелери боюнча маалымат
№ | Кыскартыла турган салыктын түрлөрү | Суммасы (миң сом менен) |
1 | Киреше салыгынан (подоход налог) | 1870,0 |
2 | Ыктыярдуу патент | 3598,0 |
3 | Милдеттүү патент | 69,2 |
4 | Мүлк салыгынан | +100,0 |
5 | Бирдиктүү салык | 124,8 |
6 | Транспорт салыгы | +370.0 |
7 | Айыл-чарбасына жараксыз жерлердин салыгы | 266,7 |
8 | Сатуудан алынуучу салык | 6364,8 |
9 | Атайын каражаттын эсебинен | 3064,9 |
10 | Бардыгы | 14888,4 |
11 | Жергиликтүү бюджет | 11823,5 |
12 | Транспорт салыгына кошумча план жеткирилди | +470.0 |
13 | Атайын каражаттардан | 3064,9 |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаардык бюджетинин 2020-жылдын 2-жарым жылдыгында 2020-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен жана бюджеттин чыгашаларынан кыскартылган иштердин тизмеси
№ | Титулдук тизмедеги номери | Кыркартылуучу жумуштун аталышы | Суммасы (миң сом менен) |
1 | VIII-1 | Ысык тамакка (Курманжан датка, Бабур мектептери) | 2463,0 |
2 | VIII-2 | Бала бакча курууга | 8732,7 |
3 | Ст.221811 | Балдар бакчасынын тамак ашынан (шахматкадан) | 627,8 |
|
| Баардыгы | 11823,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы кезектеги
XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 3-тиркемеси
2020-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги Ленин көчөсүндөгү тротуарды оңдоого каралган каражаттын эсебинен аткарыла турган кошумча иштердин тизмеси.
№ | Аткарылуучу жумуштардын аталышы | Суммасы (миң сом) |
1. | Өзгөн шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга “Өзгөн тазалык” көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылган иштерге | 650,0 |
2. | Электриктерге спец.форма набор ключ жана башка керектелүүчү шаймандарды сатып алууга | 29,7
|
3. | Жарнак орнотуучу тактайчаны оңдоого | 41,0 |
4. | С.Атажанов көчөсүндөгү түнкү жарыктар үчүн жана “Жаныбек-Казы” кварталында “Бахмал” мүрзөсүнө түнкү жарыктар үчүн тетиктерди сатып алууга | 29,0 |
5. | Алишер Навои мектебинин спорт залына | 219,0 |
6. | Жаңы Өзгөн кварталдык комитетиндеги көп кабаттуу үйлөрдү актап сырдоого (ДАТП аркылуу) | 42,8 |
7. | Борбор кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдү актап сырдоого | 200,0 |
| Жалпы керектелүүчү чыгым | 1211,5 |