Редакцияот 13.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 41-сессиясы

 

2020-жылдын 13-апрели № 213

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын жыйынынын 2020-жылдын 27-мартындагы чыгыш №23-1182 сандуу протоколдук тапшырмасын б-пунктунун 2-бөлүмүндөгү сунушу боюнча Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы О.Т.Баховотдиновдун маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Бешкент айыл өкмөтүнүн салык төлөөчүлөрү айыл чарба жерлери боюнча II группа-дагы мүлк салыгын төлөөдөн элүү пайызга жана жер салыгын төлөөдөн толук бошотууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы:

О.Баховотдинов