Редакцияот 13.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 42-сессиясы

 

2020-жылдын 13-май № 218

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан 2020-жыл “Региондорду

өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу Бешкент айыл өкмөтүндө түзүлгөн иш-чаралар боюнча Бешкент айыл өкмөтү-нүн орун басары К.А. Алимбековтун маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    1Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан 2020-жыл Регион-дорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыя-лоо жөнүндөгү 2020-жылдын 8-январындагы №1 Жарлыгы колдоого алынсын.

2.    2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы”нын алкагында Бешкент айыл өкмөтүндө өнүгүү Программасынын негизинде түзүлгөн иш-чараларга макулдук берилсин.

3.    2020-жылдын ичинде айыл өкмөтүнүн ар тараптан өнүктүрүү үчүн түзүлгөн иш-чара-лардын аткарылуусун камсыздоо Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусаевке жана тийиштүү адистерге тапшырылсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы:

О.Баховотдинов