Редакцияот 16.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2020-жылдын 16-июну № 23

Аймактагы аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнундө

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер жана Сары-Камыш айылдарынын тургундарынын 2020-жылдын 3-февралындагы элдик жыйынын протоколун  жана арызын айылдык кенештин депутаттары угуп, талкуулап көчөлөргө ысым ыйгаруу максатында Ак-Турпак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Турпак  айыл аймагынан өткөн Ош-Баткен авто жолуна Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүүгө чоң салым кошкон Жаңы-Жер айылынын тургуну маркум Жапаров Эркебайдын ысымы ыйгарылсын.

2.Сары-Камыш айылындагы аты жок көчөгө мугалим, маркум Ысмайылов Дүйшөнүн ысымы ыйгарылсын.

3.Иш кагаздарын даярдап берүү жагы айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлөө  жагы айыл өкмөтунүн жетекчилигине жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Имаров