Редакцияот 08.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Халмион айыл аймагынын айылдык  кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз үчүнчү сессиясынын

 

2020-жылдын 08-июну № 103

Жооптуу катчы кызмат орунун бекитип

берүү жөнүндө

 

Халмион айылдык кеңешинин төрагасы Г.Матажиевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-ж. № 64  “Аылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, айыл аймагынын айылдык кеңештеринде акы төлөө негизинде 1 жооптуу катчы штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Халмион айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Халмион айылдык кенешинде акы төлөө негизинде жоопту катчы кызмат оруну бекитилсин.
  2. Халмион айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ш.Бадаловго айылдык кенештин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына ( А.Саитов) жүктөлсүн.

 

Төрага

Г.Матажиев