Редакцияот 16.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жаны-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

 

2020-жылдын 16-январы № 5

Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө

“Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 Укук бузуулардын алдын алуу мыйзамына ылайык , 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтомунун негизинде айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борбору түзулсун.

2.    Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун уставы жана “Коомдук алдын алуу борборунун” кеңешинин курамы бекитилсин. (№1,2 тиркеме)

3.    Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун мыйзамдуу иш-кагаздарын бүтүрүү жана көзөмөлдөө жагы коомдук алдын алуу борборунун төрагасына жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлү айылдык кеңешинин жаштар саясаты, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.

 

Төрага

К. Айбалаев