Редакцияот 31.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жаңы-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

 

2020-жылдын 31-марты № 17

Достук айылындагы спорт аянчасына Кыргызстандын чемпиону, СССРдин мастер спорту Түркбаев Эсенбайдын атын ыйгаруу жөнүндө

Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы И.Райимбердиевтин сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Жер айыл аймагынын айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Достук айылындагы спорт аянчасына Кыргызстандын чемпиону, СССРдин мастер спорту Түркбаев Эсенбайдын ысмы ыйгарылсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсун.

 

 

Төрага

К. Айбалаев