Редакцияот 16.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жаны-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

 

2020-жылдын 16-июну № 25

Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин биргелешкен конкурстук комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык жана Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн  башчысы И. Райимбердиевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап Жаны-Жер айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жаңы-Жер айыл өкмөтүнун жана айылдык Кеңешинин биргелешкен конкурстук комиссиясы түзүлсүл.

2.    Жаңы-Жер айылдык Кеңештин депутаты  Р. Хидиралиев конкурстук  комиссиянын төрагасы болуп бекитилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсун.

 

Төрага

К. Айбалаев