Редакцияот 11.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын

 

2020-жылдын 11-ноябры № 38

 

Баткен шаарынын 2020-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна, Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 6-ноябрындагы отурумунун № 23  протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен шаарынын 2020-жылдын 9 айында  жергиликтүү бюджет 69704,5 миң сомго бекитилип,  61334,3 миң  сомго, 88,0%  аткарылгандыгы белгиленсин.

            2.Шаардын 2020-жылга пландалган жергиликтүү бюджетин жыл аягына чейин кошумча булактар аркылуу бюджетти толтуруу жагы шаар мэри М.Рахимовго тапшырылсын.

            3.Мамлекеттик реестирге катталуу үчүн токтом Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шарады Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын

 

Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы

А.Ташбеков