Редакцияот 10/03/2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 10-марты № 149/28/27

«Көчөнүн атын ыйгаруу жөнүндө»

Люксембург айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун жана К.Эшимбековдун Люксембург айылындагы көчөсүнө атасы, 1944-жылдын январь айында өлгөн жөнөкөй аскер катарындагы Абдыкадыр Эшимбековдун ысымын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катын карап, Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург айылындагы (“Жайылма” ж/к) көчөгө Абдыкадыр Эшимбековдун ысмы ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевга жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Кожонов