Редакцияот 10.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 10-марты № 155/30/27

«Комиссия түзүү жөнүндө»

    Калктын аялуу катмарын колдоо, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга гуманитардык жардамды рационалдуу бөлүштүрүү максатында, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга гуманитардык жардамды  бөлүштүрүү үчүн төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин:

-          Адамалыев Н.А.                айылдык кеңешинин депутаты,

төрага

-          Молдокеева Д.К.                айылдык кеңешинин депутаты,

төраганын орун басары

-          Байтокоева А.А.                комиссиянын секретары,

Мүчөлөрү:

-          Буйляшев Э.Т.                               Люксембургского айыл өкмөтүнүн

башчысы

-          Адамалыев Н.А.                айылдык кеңешинин депутаты,

-          Тентишев С.Дж.                 айылдык кеңешинин депутаты,

-          Исраилов А.Г.                                айылдык кеңешинин депутаты,

-          Өскүлөңов А.                                  Киршелк айылынын айыл башчысы.

 

2.     Комиссия тизмеден оор кырдаалда турган эң муктаж үй-бүлөлөрдү аныктап,  гуманитардык жардамдарды даректер боюнча иш жүзүндө жеткирүүнү камсыз кылууга көмөктөшсүн жана көзөлдөсүн.

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Кожонов