Редакцияот 29.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 29-май № 157/31/27

«Бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Абалбекованын азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу коронавирус инфекциясы (COVID-19) жайылышынын себебинен бюджетке өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Кожонов