Редакцияот 25.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын VIII кезектеги сессиясы

 

2020-жылдын 25-февралы № 51

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн “Андиген таза суу” ишканасынын тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн “Андиген таза суу” ишканасынын 2020-жылга карата түзүлгөн тарифтерин карап чыгып жана талкуулап айылдык кеӊешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн “Андиген таза суу” ишканасынын 2020-жылга карата таза суу тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.     “Андиген таза суу” ишканасынын 2020-жылга карата таза суу тарифтерин толук жыйноо максатында өз каражатынын эсебиден бир штаттык бирдик алганга уруксат берилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башысына жүктөлсүн.

.

 

Төрага

 

Ибраим уулу Т.