АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын VIII кезектеги сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 57
“CASA-1000” долбоорунун алкагында электр чубалгыларга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү № 105-токтомун ишке ашырууда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2020-жылдын 4- мартындагы № 1-26/ 703 сандуу тапшырмасына аткаруу максатында жана Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынын 2020-жылдын 6-мартындагы № 01-22/170 катынын негизинде Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын 2020-жылдын 2-мартындагы № 13-3/221 катынын негизинде айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2020-жылдын 20-февралындагы № 105-токтомунун негизинде, Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы долбоордогу 500кВтук аба чубалгысын куруу байлоо үчүн 52 даана электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн 20614м2 жер аянты 49 жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин .
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өкмөтүнүн жер адиси М.Мажитовко жүктөлсүн.
Төрага |
Ибраим уулу Т. |