КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 29- сессиясынын
2020-жылдын 18-декабры № 20
Кара-Булак айыл окмотунун Кык жайлоосунун Булак –Башы участкасынын жашоочуларынын жерлерин менчиктештирүү жөнүндө
Кара - Булак айыл өкмөтүнүн социалдык - экономикалык өнүгүү программасынын 2020 – жыл ичинде аткарылышы жөнүндө Кара - Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен биргеликте Кара- Булак айылдык Кенешинин 6- чакырылышынын кезектеги 29 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара – Булак айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү программасынын
жыл ичинде аткарылган иштери канаатандырарлык деп табылсын .
- Айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине жоопкерчилик менен иш алып баруу милдеттендирилсин .
- Айыл өкмөтүнүн аймагында долбоорлор менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын .
- Кара - Көл каналы аркылуу өздөштүрүлүп ижарага берилүүчү 1200 га жер аянтынын ижарага берүү жагын көзөмөлдөө үчүн Кара –Булак айылдык Кенешинин ошондой эле жергиликтүү тургундар менен биргеликте комиссия түзүлсүн .Аталган комиссиянын курамы Кенештин төрагасынын буйругунун негизинде түзүлсүн .
- Кара - Булак айыл өкмөтүнүн башчысы жана айылдык Кенештин депутаттары менен биргеликте 2021 - жыл үчүн Кара -Булак жана Бужум айылдарындагы
социалдык экономикалык жактан элдин муктаждыктары өз жеринде иликтенсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |