Редакцияот 18.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 29- сессиясынын

 

2020-жылдын 18-декабры № 21

Кара – Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп окуучуларынын билим денгээлин көтөрүү боюнча шарттарды түзүү жөнүндө

Кара – Булак айыл өкмөтүнун жаштар иштери боюнча адиси  К.Айжигитованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара – Булак айылдык Кенешинин 6 – чакырылышынын кезектеги 29 - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара – Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп директорлоруна 2020-2021 -окуу жылында  сапаттуу билим берүү , билим сапатын жакшыртуу  жагы  милдеттендирилсин.

2. 2020- 2021-окуу жылына  билим берүү тармагына керектүү болгон  бардык муктаждыктарын  чечип берүү жагы айыл өкмөткө  тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзумө калтырамын.

 

Төрага

И.Тилеков