НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2020-жылдын 20-апрели № 142
Ничке-Сай айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуун жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар (ЫЭК) жөнүндө Жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18, 55-беренелерине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
Токтом кылат:
- Ничке-Сай айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө Жобо бекитилсин.
- Ушул токтом тиркемеси менен Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg сайтына жарыялансын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эрмекбаев |
|