Редакцияот 02.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги XXXIV сессиясы

 

2020-жылдын 02-ноябры № 159

Ничке-Сай айылындагы жаңы курулган кичи футбол аянтчасынын аталышын Назаров Бакытбек Абдижалиловичтин атынан коюлусу жөнүндө

Ничке-Сай айыл аймагынын тургуну Назаров Бакытбек Абдижалиловичтин Ничке-Сай айыл аймагынын спорттун өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Ничке-Сай айыл аймагынын жашоочуларынын Ничке-Сай айылынын жаңы курулган кичи футбол аянтчасына Назаров Бакытбектин атынан коюлусу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап

Ничке-Сай айыл аймагынын айылдык айылдык кеңешинин

                              VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы

 

Токтом кылат:

      1. Ничке-Сай айыл аймагындагы жаңы курулган кичи футбол аянтчасынын аталышы Ничке-Сай айыл аймагынын тургуну Назаров Бакытбек Абдижалиловичтин атынан коюлсун.

       2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

       3.Бул токтом  Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg  сайтына жарыялаган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Ничке-Сай айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

Т.Эрмекбаев