Редакцияот 02.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы

2019-жылдын 2-декабры № 1

1-Май айыл аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин 9 айдын жыйынтыгы боюнча маалыматы жөнүндө

1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүнбашчысы М.Шербаевдин 1-Май айыл аймагынын 2019-жылга карата кабыл алынган бюджетинин 9 ай ичинде киреше жана чыгаша бөлүгү  боюнча аткарылган иштеринин маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүнбашчысы М.Шербаевдин 1-Май айыл аймагынын 2019-жылга карата кабыл алынган бюджетинин 9 ай ичинде киреше жана чыгаша бөлүгүбоюнча аткарылган иштеринин маалыматы жактырылсын.
  2. 2019-жылга карата кабыл алынган жергиликтүүбюджеттин толук аткарылышы 1-Май айыл аймагынын башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
  3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
  4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.

 

1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы:

Н.Абдырайымов.