1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 1
1-Май айыл аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана 1-Май участкасынын калкты суугат суу менен камсыздоо жаатында аткарылып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
1-Май айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясынын күн тартибине киргизилген 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн
калктын саламаттыгын сактоо жана коронавирус инфекциясынын жайылып кетишине каршы 1-Май айыл аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана айыл өкмөтүтарабынан аткарылып жаткан иштердин абалы, Ала-Бука райондук суу чарба башкармалыгына караштуу, 1-Май участкасынын калкты таза суу менен камсыздоонун абалы жөнүндөгү маалыматтарды угуп 1-Май айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Калктын саламаттыгын сактоо жана коронавирус инфекциясынын жайылып кетишине каршы 1-Май айыл аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана айыл өкмөтүтарабынан аткарылып жаткан иштердин абалы жөнүндөмаалыматтары канааттандырылсын.
- Ала-Бука райондук суу чарба башкармалыгына караштуу, 1-Май участкасынын калкты таза суу менен камсыздоонун абалы жана аткарылып жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын расмий alabuka.kg маалымат сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чененмдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагы 1-Май айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |