Редакцияот 28.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХVI cессиясы

 

2020-жылдын 28-июлу № 26-1

 

Айыл өкмөт башчысынын 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата аткарган ишин баалоо жөнүндө

 

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловдун 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата айыл аймактын социалдык экономикалык инфраструрасын өнүктүрүү планынын аткарылышы тууралуу отчетун угуп жана талкуулап,сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловдун 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына карата айыл аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүү планынын аткарылышы тууралуу отчету “канааттандырарлык” деп баалансын.

2.Айыл аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча 2020-жылдын 2-жарым жылдыгына карата иш алып барууну планга ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Исмайловго  милдеттендирилсин.

 

 Төрага

 К. Шакыев